Кыргызстанда учурда көмүрдүн баасын көзөмөлдөөгө өкмөт өзгөчө көңүл бурушу керек. Бул тууралуу депутат Бакыт Төрөбаев бүгүн, 9-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында айтып чыкты. Депутат быйыл калк электр энергиясы менен толук камсыздалбай турганын айтып, жылуулук менен камсыз кылууну колго алуу зарыл экенин белгиледи. “Эки нерсеге өзгөчө көңүл буруу керек: көмүр менен камсыздоо жана анын баасын катуу көзөмөлдөө”,- дейт депутат.
Төрөбаев мекемелерге көмүр жеткирүү иши начар жүрүп жатканын, Нарын облусундагы ишканалар көмүр менен 40-45 пайызга гана камсыздалганын билдирди.