Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитети 10 айда 73 мыйзам долбоорун карады

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитети 2013-жылдын сентябрынан 2014-жылдын июлуна чейин 42 жыйын өткөрүп, 73 мыйзам долбоорун карады. Муну 10-октябрда парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Комитет жыйындарында 10 айда жалпы175 маселе каралганы айтылды. Жогорку Кеңештин кароосуна 59 мыйзам долбоору киргизилип, анын 53ү кабыл алынган жана 38 мыйзамга өлкө президенти кол койгон. Бюджет жана финансы комитетине сессия аралыгында 325 кат келип, анын 287сине тийиштүү чаралар көрүлгөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан