Бүгүн, 10-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Минск шаарында өтүп жаткан КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышты. Жыйында тар чөйрөдө сүйлөгөн сөзүндө Алмазбек Атамбаев Украинадагы окуяларга байланыштуу КМШ үчүн жылдын биринчи бөлүгү абдан татаал болгонун белгиледи. “Бул багытта КМШга төрагалык кылуу милдетин Беларусь кайрадан мойнуна алганы, ага байланыштуу маселелер, албетте, абдан маанилүү болгондугун дагы бир ирет белгилеп кетем. Беларустук коллегаларыбыз бүгүнкү жолугушууну уюштуруу жана бул форматты колдоо боюнча көп иштерди жасашты”,- деди президент.
Мамлекет башчы Казакстандын болочоктогу КМШдагы төрагалык кылуусу шериктештикти өнүктүрүүгө жаңы түрткү берерине ишенимин билдирди. "Өз кезегинде КМШ Аткаруу комитетинин сунушу боюнча биз 2015-жылы шериктештикте тең төрагалык кылууга макулдугубузду бердик. Ошондой эле Кыргызстанда 2015-жылдын апрелинде КМШ ТИМК кезектеги жыйынын өткөрүүгө макулдугубузду бердик. Ал эми андан кийин, 2016-жылы КМШга толук кандуу төрагалык кылуу милдетин моюнга алууга макулбуз. Анткени биз азырынча кызматташуунун мындай аянтчасын башка формат алмаштыра албасына ынандык. Андан кайсы бир себептер менен баш тарткандар биринчи кезекте өзүнө өзү зыян келтирет",- деди Атамбаев.
Өлкө башчы талкууга коюлган маселелер тууралуу кеп кылып, Кыргызстан Улуу Ата Мекендик согуштун 70 жылдык мааракесине даярдык көрүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи. "Бул мен фронтовиктин баласы болгондугум үчүн гана эмес. Бул Улуу Жеңиш болгон, ошондуктан мааракени татыктуу тосуп алуу - биздин милдетибиз. 2015-жыл бизде Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жылы деп жарыяланды. Биз буга алдын ала даярдык көрүүгө, бардык иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүүгө милдеттүүбүз",- деди Алмазбек Атамбаев.
Кыргызстандын президенти Кыргызстан КМШ алкагында көп тармактуу кызматташууну бекемдөөнү жана шериктеш өлкөлөр ортосундагы достук мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнү колдоорун билдирди.