Аксы районунда жаштардын бир айлыгы жарыяланат

Аксы районунда 17-октябрда жаштардын бир айлыгы жарыяланат. Бир айлыктын алкагында райондогу жаштарды активдештирүү, айыл жаштарын мобилизациялоо иштери жүрүп, түрдүү темадагы семинар, тренингдер өтөт. Иш-чара англис тили, орус тили жана компьютерди өздөштүрүү боюнча акысыз курстарды, флешмоб, жакыр үй-бүлөлөргө ар тараптуу колдоо көрсөтүүлөрдү уюштуруу менен коштолору айтылды. Аксы райондук жаштар кеңешинин төрагасы Мирлан Сагынбаевдин билдиришинче, 17-ноябрда 10-ноябрь - Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнү, 17-ноябрь - Эл аралык студенттер күнүнө карата салтанаттуу кече өтөт. Бул демилгени акимчилик, Кербен шаардык мэриясы, райондук эмгек, миграция жана жаштар бөлүмү колдоого алышкан. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан