Кубанычбек Турдубаев: "Энергетикадагы азыркы кырдаалга систем күнөөлүү"

"Кыргызстанда энергетикалык кризистин келип чыгышына систем күнөөлүү". Энергетика жана өнөр жай министрлигине талапкер Кубанычбек Турдубаев ушундай пикирде. Жогорку Кеңештин 16-октябрдагы жыйынында "Энергетикадагы азыркыдай оор кырдаалдын түзүлүшүнө ким күнөөлүү?" деген суроого талапкер минтип жооп берди: 
"Дүйнөлүк практикада түрдүү систем бар, мисалы, Швейцарияда 1200 энергетикалык компания иштеп жатат. Кеп системдин туура түзүлүшүндө жана мыйзамдардын аткарылышында болууда. Мыйзамдарды аткаруу менен бардык систем менен иштесе болот. Экинчиден, бизде энергетика тармагы боюнча мыйзамдар аз. Мисалы, Орусияда энергетика тармагын жөнгө сала турган 9 миң, бизде 10дой гана документ бар".  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан