Жергиликтүү кеңештерге талапкерлерди көрсөтүү укугун саясий партияларга ыйгаруу сунушталууда. Тийиштүү мыйзам долбоору бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңеште каралып, 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.
Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбоору "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдарды өз ара шайкеш келтирүү, ошондой эле аларды дагы башка мыйзамдардын жоболоруна ылайыкташтыруу каралууда. Тактап айтканда, мыйзамдардагы "шайлоочулардын тобу" деген түшүнүк алынып салынып, жергиликтүү кеңештерге талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга гана ыйгарылат.