Чаткалдагы алтын казуучу "Фонта" компаниясынын мыйзамсыз иштери ачыкталды

Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттиги менен Эсептөө палатасы Чаткалда алтын казуу иштери менен алектенген "Фонта" ишканасында текшерүү жүргүзүштү. Жыйынтыгында бир катар мыйзамсыз иштердин бети ачылганын 20-октябрда аталган агенттиктен билдиришти. Мыйзам бузуулардын бири - мурда бекитилген долбоордун четке кагылышы. Геология агенттиги кен иштетүү тармагындагы 30 мекемени текшерүүнү пландап жатканы айтылды. Текшерүү керек болгон ишканалардын тизмеси макулдашуу үчүн Экономика министрлигине жиберилген. Текшерүүлөрдүн максаты - тармактагы системдүү коррупцияны жок кылуу. 
Эскерте кетсек, быйыл аталган компанияга тоноочулар кол салып, 5 килограммдай алтынды уурдап кетишкен. Укук коргоо органдарынын маалыматына таянсак, шектүүлөр кармалып, сурак жүрүүдө. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан