Бүгүн, 20-октябрда Бишкекте “2015-жылга карата республикалык бюджеттин жана 2016-2017-жылдарга карата болжолу жөнүндөгү” мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуулардын жүрүшүндө жарандык коомчулук тарабынан жөлөк пул алган үй-бүлөлөргө жана жетим балдарга жардам берүү маселеси көтөрүлдү.
“Жакында Кувейтте Кыргызстандын элчилиги ачылган. Буга бир канча акча каражаты бөлүнгөн. Өкмөт республикалык бюджетти караштырууда кайсы тармак акча каражатка көбүрөөк муктаж экенине көңүл бурса болмок”,- дешти жарандар.
Бул тууралуу КРнын Каржы министри Ольга Лаврова төмөнкүлөрдү айтты: “2015-жылы ишке аша турган “Дипломатиялык кызматкерлер жөнүндө” мыйзамга ылайык, өкмөт кыргызстандык дипломаттардын балдарынын окуусун төлөп берет. Анткени эгер атасы чет өлкөдө болсо, ал эми баласы Кыргызстанда калса, дипломаттын үй-бүлөсү бузулуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан мамлекет тарабынан үй-бүлөнү сактоо багытында ушундай мыйзам кабыл алынган.
Чет өлкөдө мектепте окутуу акысыз эмес. Айрым дипломаттардын 2-3 баласы бар. Ошондуктан чыгашалар ушундай көп болууда”.