Бишкекте бүгүн, 20-октябрда вице-премьер-министр Валерий Диль Ирандын өндүрүш, кен байлыктары жана соода министринин орун басары Мохсен Салех Нийди кабыл алып, эки өлкөнүн соода жаатындагы кызматташтыгы талкууланды. Вице-премьер Кыргызстандын Бажы биримдигине киргени жатканын, мунун арты менен өлкөгө ири рынокко жол ачыларын белгилеп, ирандык ишкерлерди Кыргызстандын экономикасына каражат салууга чакырды. "Кызматтык жана достук байланыштарды түзүү үчүн Иран тараптын көтөргөн демилгелери жана умтулуусу эки өлкөнүн мамилелери мындан ары өнүктүрүүнүн негизги фактору болуп саналат",- деген Диль өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын негизги багыттарын белгиледи.