Элчи Ибрагим Жунусов Түркиянын тышкы иштер министринин орун басарына Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов 23-октябрда Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары Али Кемал Айдынга Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, жолугушууда министрдин орун басары элчини Түркиядагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, Тышкы иштер министрлиги анын ишине колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирген.  
Ибрагим Жунусов Кыргызстан менен Түркиянын кызматташтыгын өнүктүрүүгө бардык күчүн жумшай турганын айтты. 
Эскерте кетсек, Ибрагим Жунусов элчилик кызматка быйыл 17-сентябрда дайындалган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан