Дамира Ниязалиева "Кыргызстан адам сатуудагы транзиттик өлкөгө айланды" деди

"Кыргызстан адам сатуудагы транзиттик өлкөгө айланды". Мындай пикирди депутат Дамира Ниязалиева 3-ноябрда "Адамдарды сатуу менен күрөшүү программасы" талкууланган жыйында билдирди. "Ушу тапта Кыргызстан "тирүү товарды" алып чыгуучу жана транзиттик өлкө болуп калды. Мыйзамдык жана укуктук базанын бар экенине карабай азыркыга чейин өлкөдө адам сатуунун курмандыктарын жекелештирүүнүн бирдиктүү усулу иштелип чыга элек. Жабыр тарткандарды калыбына келтирүү механизмдери да жок, алар кайда кайрыларын билишпейт",- дейт Ниязалиева. Депутаттын айтымында, Кыргызстанда адам сатуу менен күрөшүү боюнча бирдиктүү координациялык борбор түзүү, республикалык бюджеттен акча бөлүү зарыл.

Талкуу жыйынтыгында "Адамдарды сатуунун алдын алуу жана күрөшүү жөнүндө" мыйзамдын аткарылышы боюнча сунуштамалар иштелип чыкты. Бул маселе боюнча парламенттик угуу өткөрүү сунушу айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан