Мелис Турганбаев: "Укук коргоо тармагын реформалоо үчүн коомдук-саясий туруктуулук абдан маанилүү"

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев бүгүн, 9-декабрда өкмөттүн алдындагы Укук коргоо системин реформалоо боюнча кеңештин кезектеги жыйынын өткөрдү. Вице-премьер коомдук тартипти камсыз кылуу жана кылмыштуулук менен күрөшүү жаатында бир катар чаралар кабыл алынганын билдирди. "Ички иштер органдарын реформалоонун негизги максаты - укук коргоо менен коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча эффективдүү системди түзүү",- деди өкмөт өкүлү. 
Ички иштер министри Мелис Турганбаев тармакты реформалоонун алкагында ички кызматтардын штатын кыскартуу чечими кабыл алынганын билдирди. "Укук коргоо системин реформалоо туруктуулукка муктаж, баарынан мурда коомдук-саясий туруктуулук маанилүү",- деген министр тармакта жасалып жаткан иштер тууралуу кенен маалымат берди. 
Жыйынтыгында жарандык коомдун жана эл аралык институттардын катышуусу менен укук коргоо органдарын реформалоону тезедетүү зарылдыгы белгиленди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан