Парламент "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" мыйзам долбоорун 3-окууда добуш берүүгө жиберди

Бүгүн, 10-декабрда парламент жыйынында "КРнын Токой кодексине, "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө", "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" мыйзамдарга толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорлору 3-окууда каралды. Бул мыйзам долбоорлору климаттын өзгөрүшүнө жана төмөнкү көмүртектин өнүгүүсүнө карата ыңгайлашуу боюнча аракеттерди укуктук жактан камсыз кылууну эске алуу менен иштелип чыккан. Бул багыттагы мыйзамдарды өркүндөтүү өлкөнү өнүктүрүүнүн укуктук негизин камсыз кылат жана эл аралык уюмдар тарабынан каржылоо мүмкүндүгүн жеңилдетет. Талкуунун жыйынтыгында депутаттар мыйзам долбоорлорун 3-окууда добуш берүүгө жиберишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан