Парламент депутаттары Бишкек шаарындагы автоунаа тыгындарын азайтуу үчүн 2 кабаттуу жолдорду курууну сунушташууда. Жогорку Кеңештин 10-декабрдагы жыйынында депутаттар Чүй проспектин мисал кылышып:
"Чүй-Алматы жана Чүй-Фучик көчөлөрүнүн кесилиштеринде дайыма унаа тыгындары. Бир саат жөн эле туруп каласың. Казакстанга барганда көрүп жатабыз, Алматыга кире бериште сонун жолдорду курушууда. Биз да аталган көчөлөрдүн кесилиштерине 2 кабаттуу жолдорду жасашыбыз керек. Шаардын 5-6 жерине 2 кабаттуу жолдорду курсак, унаа тыгындары кескин азаймак",- дешти.
Жыйында борбор шаардын көчөлөрүн оңдоого Кытай тараптан грант алуу маселеси каралууда.