Парламенттик шайлоого катышууга партиялар үчүн күрөөнүн көлөмү 1 миллион доллар экени айтылууда

Бүгүн, 15-декабрда Бишкекте өтүп жаткан тегерек столдун жүрүшүндө “Адилет” укук коргоо клиникасынын башчысы Чолпон Жакупова "2015-жылы өтчү парламенттик шайлоого катышууга партиялар үчүн күрөөнүн көлөмү 1 миллион долларга барабар" деген маалыматты айтты. “Мен партиялардын лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келем. Мага күрөө боюнча ушундай сөз жеткен”,- деди Жакупова.

Президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев мындай кепти четке какты. “Мындай ири көлөм болушу мүмкүн эмес. Эгер ушундай болсо, депутаттар бир добуштан каршы болушат. Алар эч качан мындайга барышпайт”,- деп билдирди Нарымбаев.

Нарымбаев 2015-жылкы парламенттик шайлоого катышууга партиялар төкчү күрөөнүн көлөмү 500 миң сомдун тегерегинде болжолдонуп жатканын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан