Парламент комитети Улуттук гвардияны Куралдуу күчтөргө өткөрүү сунушун колдоду

Парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитети Улуттук гвардияны Коргоо министрлигинен КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын курамына киргизүү боюнча өзгөртүүнү экинчи жана үчүнчү окууда колдоду.
Мындан тышкары жыйында ИИМдин Ички аскер бөлүгүн Улуттук гвардиянын курамына киргизүү боюнча мыйзам долбоору комитеттин өкүлдөрү тарабынан колдоо тапты. Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун айтымында, өлкөдө кризистик кырдаал орун алганда Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы башкы башкаруу түзүмү болуп саналат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан