2015-жылдын 31-январында Жогорку Кеңеште "Мыйзам чыгаруудагы мамлекеттик тилдин маселелери" темасына арналган илимий-практикалык конференция өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда ЖКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чараны Жогорку Кеңеш Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту менен биргеликте ЮСАИД программасынын колдоосу менен өткөрөт.
Аталган жыйында мыйзам чыгарууда талаш жараткан тил маселелери, которуунун кыйынчылыктары, жаңы сөздөрдүн пайда болушу жана башка суроолор талкууланат.