Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 9-январда каржы министри Ольга Лаврованы кабыл алып, жолугушууда 2014-жылы республикалык бюджеттин аткарылышы жана 2015-жылга республикалык бюджетти аткаруу боюнча пландар талкууланды.
Өкмөт жетекчиси каржылык жактан алганда өткөн жыл Кыргызстан үчүн ийгиликтүү болгонун белгиледи. "Былтыр республикалык бюджеттин киреше бөлүгү көбөйдү, социалдык милдеттенмелер толук бойдон аткарылды. Бюджеттин корголгон жана корголбогон бардык беренелери каржыланды. Өкмөт капиталдык салымдар беренеси боюнча бардык чыгымдарды каржылоого, дыйкандарга 5,3 миллиард сомдук насыяларды берүүгө жетишти",- деди Оторбаев.
Премьер-министр дүйнөлүк каржылык рыноктогу татаал кырдаалга карабай быйыл мамлекеттин социалдык милдеттенмелерин 100 пайызга аткаруу зарыл экенин кошумчалады.