"Кумтөр" боюнча өкмөт менен "Центерра" бир чечимге келише элек

"Кумтөр" келишими боюнча кыргыз өкмөтү менен "Центерра" компаниясы бир чечимге келише элек. Бул тууралуу премьер-министр Жоомарт Оторбаев 20-январда маалымат жыйында билдирди. "Айрым принципиалдуу маселелер боюнча бир пикирге келе элекпиз. Канада тарап мурунку келишимдер боюнча өздөрүнүн шарттарын коюуда, буз буга макул эмеспиз. Ушундай маселеде келише албай жатабыз",- деди Оторбаев. 
Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун буга чейин билдиргенине таянсак, тараптар макулдаша албаган маселелер: экологиялык чыгым, козголгон кылмыш иштери жана техникаларды лизингге алуу. Маалыматка таянсак, техникаларды лизингге алуу боюнча келишим бар. 10 жыл ичинде кыргыз өкмөтү 100 миллион доллар, канадалык тарап 100 миллион доллар которот. 10 жылдан кийин компания техникаларды 1 долларга сатат. Учурда аталган 200 миллион долларды ылдый түшүрүү боюнча талаш жаралууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан