Валерий Диль Сары-Жаз дарыясынын аймагын иштете турган корпорация түзүү боюнча иштер аткарылбай жаткандыктан, министрлерди сынга алды

Вице-премьер-министр Валерий Диль Ысык-Көл облусундагы Сары-Жаз дарыясынын аймагын иштете турган ири улуттук корпорация түзүү боюнча 21-январда Өкмөт үйүндө жыйын өткөрдү.

Жыйында вице-премьер-министр аталган долбоор боюнча тиешелүү министрликтер жана ведомстволор эч кандай иш-чара аткарбагандыгын айтып, министрлерди сынга алды.

“Юридикалык статусу, уюштуруу иш-чаралары жана мамлекеттик активдер иштелип чыкпаптыр. Бул белгиленген тартип төмөн деңгээлде аткарылганын айтып турат”,- деди Диль.

Жыйынтыгында Сары-Жаз аймагын иштете турган ири улуттук корпорация түзүү боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырма берилди. 

Сары-Жаз аймагын өздөштүрүү боюнча Ысык-Көлдөгү Сары-Жаз дарыясынын аймагын иштете турган ири улуттук корпорация түзүлөт. Бул энергетикалык жана өндүрүш зоналарынын ачылышы Ысык-Көл облусунда жана Каракол шаарында жашагандар үчүн кошумча жумуш орундарын түзмөкчү.

Буга чейин аталган аймакка инвестиция салуу ниетин Орусия жана Кытай билдирген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан