Депутаттар өлкөнүн ички жолдоруна шагыл эмес, асфальт төшөө керектигин айтышты

Акыркы жылдары өлкөнүн стратегиялык жолдору инвесторлордун жардамы менен курулуп жатканы менен, ички жолдорго өз деңгээлинде көңүл бурулбай жатат. Муну депутат Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин 22-январдагы отурумунда айтты. Депутат ушул багытта өкмөт тарабынан тез арада чаралар көрүлүшү керектигине токтолду. 

"Ички жолдор таптакыр эле курулбай калды дегенден алысмын, бирок сапатын да караш керек болууда. Мисалы, Базар-Коргон районундагы Кызыл-Үңкүр жолун министр Калыкбек Султанов өзү көрүп, 30 миллион сомго шагыл төктүргөн. Ошого карабастан, үч жыл аралыгында кайра эле жолдун чалдыбары чыгып калды. Менимче, ошол каражатка асфальт төшөтсө, кыйла натыйжалуу болмок. Ушу жагын колго алуу зарыл", - дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан