Талас. “Республика” партиясы жана облустук жол кайгуул кызматы “Супер-Инфону” куттуктады

Бүгүн “Супер-Инфонун” Талас облустук өкүлчүлүгүнүн кызматкерлеринин иш күнү өзгөчө шаң менен башталды. Анткени Талас облустук жол кайгуул кызматынын башчысы, милициянын подполковниги Төрөкул Бекбергеновго удаа  “Республика” саясий партиясынын Талас шаары боюнча координатору Батырбек Качкынбаев келип, “Супер-Инфонун” Талас облустук өкүлчүлүгүн жана “Супер-Инфонун” жалпы кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттукташты. “Оор жана сыймыктуу кесип ээлери, сиздердин ишиңиздерге ийгилик, бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз. Курч, көйгөйлүү маселелерди чагылдырып, ар дайым алдыда болуп, нускаңар мындан да өссүн” деген тилектерин билдиришти.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан