Улуттук гвардияда кызмат өтөп жүрүп 21-январда каза болгон баланын өлүмү боюнча маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлдү

Депутат Өмүрбек Бакиров 21-январь күнү Улуттук гвардияда аскерде жүрүп каза болгон баланын өлүмү боюнча маселени Жогорку Кеңештин 29-январдагы жыйынында көтөрүп чыкты.

Депутат каза болгон жоокердин ата-энеси баланын өлүмүнүн себебин билгиси келерин айтты. “Араван районундагы Төө-Моюн айыл аймагында 1991-жылы туулган Акжол Пазылбеков 21-январда Улуттук гвардиянын Шамалды-Сайдагы бөлүгүндө каза болду. Ал жердеги аскер кызматкерлери баланын жүрөгү кармап көз жумганын айтып жатышыптыр. Эгерде жүрөгү кармаган болсо, аскерге кабыл алып жатканда комиссия эмнени карап отурду эле? Буга баланын ата-энеси макул эмес. Ушул маселени өкмөттөн суранып, териштирүү жүргүзүүнү суранам. Эгерде жүрөгү токтоп калган болсо, анда аскерге кабыл алган комиссия жоопкерчиликке тартылышы керек”,- деди Бакиров. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан