Бишкекте Социалдык өнүгүү министрлигинин жыйынтыктоочу коллегиясы өтүп жатат

Бүгүн, 2-февралда Бишкекте Социалдык өнүгүү министрлиги кеңейтилген коллегиясында 2014-жылдын жыйынтыктарын чыгарып жатат. Иш-чарада аталган мекеменин жетекчилиги, облустардагы өкүлдөрү жана кызматкерлери катышууда.

Социалдык өнүгүү министрлигинин статс-катчысы Бакыт Жекшеновдун айтымында, былтыр жыл ичинде 476 миң адам тиешелүү тейлөө менен камсыз болгон. "Алардын ичинде 310 миңи аз камсыз болгондуктан, жөлөк пул алган балдар. Ноябрда кепилденген минималдык төлөм 705 сомго көбөйтүлгөн. Кийинки жылы 810 сомго чейин көтөрүү пландалган",- деди статс-катчы.

Министр Кудайберген Базарбаев өз сөзүндө балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алууда бардык тармактар коомчулук менен биргеликте иштеши керектигин баса белгиледи. "Республика боюнча министрликтин кызматкерлеринин саны аз болгондуктан, балдарды кыйноо фактыларын аныктоо оор болууда. Кызматкерлер жыл ичинде 16 миң жашоо абалы оор болгон үй-бүлөнү аныктап, ар бирине жардам берүү планы түзүлгөн",- деди министр.

Айта кетсек, иш-чарага министрликти көзөмөлдөгөн вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева чакырылган, бирок ал азырынча келе элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан