Кыргызстанда аткаруу бийлигинде иштеген жетекчилердин ишине жекече баа берүү методикасы бекитилди. Тийиштүү токтомго премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун 2-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Жаңы методика министрлердин, мекеме башчыларынын, облус жана район жетекчилеринин ишинин процессин эмес, жыйынтыгын баалоого мүмкүндүк берери айтылды.
Баа берүү критерийи: Көрсөткүчтөр жана индикаторлор системинин негизинде баа берилет. Анын ичинде жетекчинин жеке планынын ишке ашуусу, өкмөттүк чечимдердин өз убагында жана сапаттуу аткарылышы, бюджеттик каражатты эффективдүү пайдалануусу, коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүүсү жана коомчулук менен байланышы эске алынмакчы.