Бүгүн, 2-февралда Бишкекте Социалдык өнүгүү министрлигинин кеңейтилген коллегиясы өтүп жатат.
Анын жүрүшүндө министр Кудайберген Базарбаев акыркы жылдары ал жетектеген мекемеге ишеним үч эсе жогорулаганын белгиледи. “Эгер 2012-жылы министрликке калктын 1 эле пайызы ишенсе, 2013-жылы бул көрсөткүч 7,4 пайызга жеткен. Ал эми 2014-жылы ар бир бешинчи кыргызстандык (21,6 пайыз) мекемеге ишене баштаган”,- деди министр.
Мындан тышкары ал кыш мезгилинде 13,4 миң аз камсыз болгон үй-бүлө акысыз көмүр менен камсыздалгандыгын баса белгиледи. “Мамлекеттик социалдык буйрутманын алкагында улгайган жарандарга жана оор турмуш абалына түшкөн балдарга 7 убактылуу жашоо борбору ачылган”,- деп кошумчалады Базарбаев.