Юстиция министрлиги ММКлар тууралуу мыйзам долбоорун артка чакыртып алат

Юстиция министрлиги коомдук талкуудан кийин "КРнын айрым мыйзам акттарына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун артка чакыртып алат. Бул тууралуу 2-февралда аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

"Юстиция министрлиги жарандык коомго аталган мыйзам долбоорун талкуулоого активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирет жана мыйзам долбоору учурда иштеп жаткан ММКлардын жана журналисттердин ишмердүүлүгүнө тоскоол болууга багытталган эмес. Болгону массалык маалымат каражаттарын каттоо тартибин жана ММК жөнүндөгү мыйзамдын талаптарын бузгандарга жоопкерчиликти орнотуу максатында иштелип чыккан",- деп билдирет министрликтин басма сөз кызматы.

Министрлик демилгеде ээлеринин укуктарын бузуу менен мамлекет тарабынан азыркы ММКлардын ишмердүүлүгүн токтотуу жагы каралган эместигин белгилейт.

Айта кетсек, долбоордун 8-беренесиндеги "ММКлардын ишмердүүлүгү өкмөт тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу органдын чечими менен токтотулат" деген норма кызуу талкууга түшкөн. "ММКлар соттун чечими менен гана токтотулушу керек. Өкмөттүн бул демилгеси - сөз эркиндигин кысымга алуу" деген пикирлер айтылган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан