Мамлекеттик органдарга жарандардан келген кайрылууларга 14 күндүн ичинде жооп берүү милдеттендирилүүдө. Мыйзам долбоорун бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитети 3-окууда жактырып, парламенттин кароосуна жиберди. Демилгечи, депутат Айнуру Алтыбаеванын айтымында, мамлекеттик орган жарандардан келген кайрылууларга жазуу жүзүндө 14 күндүн ичинде жооп берүүгө милдеттүү. “Эгерде мамлекеттик орган кайрылууга тиешелүү материалдарды издеп, башка органдарга кайрылса, алардан да жооп 14 күндө келет. Жалпы 28 күнгө узартылууда. Негизинен 14 күндө жооп бериши милдеттендирилет”,- деди Алтыбаева.
Бул норманы бузган мамлекеттик органдардын кызматкерлери жоопкерчиликке тартылышары айтылууда.