Казакстан элдер ассамблеясы (КЭА) мөөнөтүнөн мурун президенттик шайлоо өткөрүүнү демилгелөөдө. 14-февралда КЭА кеңешинин жыйыны өтүп, делегаттар кезексиз президенттик шайлоо өткөрүү сунушун бир добуштан колдоого алышты. "Себеби дүйнөлүк экономикалык кризистин туу чокусу 2016-жылы болот, дүйнөдөгү татаал геосаясий кырдаалды эске алганда, мындай демилге өз учурунда көтөрүлүүдө",- дейт сенатор Куаныш Султанов. Казакстандык маалымат булактары жарыялашкандай, КЭА элге кайрылуу жасады, анда: "Глобалдуу сыноолордон өлкөнүн ийгиликтүү өтүүсү үчүн президент Нурсултан Назарбаевге жалпы улуттук ишенимде жаңы мандат берүү зарыл. Дүйнөлүк дисбаланстын жаңы жана оор этабында өлкөнүн багытынан тайбай, өлкөнү масштабдуу модернизациялоо боюнча өз жолун андан ары улантуусу үчүн эл башы Н.Назарбаевге ишеним көрсөтүү керек",- деп айтылат.