Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Абдыманап Кутушев, Саматбек Ибраев 14-февралда Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттар тобу менен жолугушту.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттары жолугушууда Тайлак баатырдын айкелин орнотуу, жергиликтүү тургундарды таза жана сугат суулары менен камсыз кылуу, жаңы жерлерди өздөштүрүү, айдоо аянттарын кеңейтүү, медициналык тейлөө мекемелерин заманбап техникалык аспаптар менен жабдуу, аймакка жаш адистерди тартуу маселелерин көтөрүштү.
Жолугушууга катышкан мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын бир катар суроолоруна жооп беришти. Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев медицина кызматкерлеринин маяналары аз болгондуктан, жаш адистер элет жергесине барууга анчалык көңүлдөнбөй жатышканын, ал үчүн жергиликтүү бийлик кошумча каражат булактарын караштырышы керектигин айтты. Жогорку Кеңештин депутаттары козголгон маселелерди чечүү үчүн аракеттер көрүлө турганын билдиришти.