Оштун аба майданынан ымыркайы менен Сирияга учууга аракеттенген үй-бүлө кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда ИИМдин 10-Башкы башкармалыгынын башчысы Рафик Мамбеталиев билдирди.
"Тиешелүү органдарга улгайган ата-энеден арыз келип түшкөн. Анда алар уулу менен келини 2 баласы менен Сирияга кетүүгө даярдык көрүп жаткандыгын айтышкан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 10-Башкы башкармалыктын кызматкерлери тарабынан Сирияга кетип жаткан үй-бүлө каттамдан алынып калды. Тилекке каршы, аларды согуштук аракеттерге үгүттөгөн адамдар табылбагандыгына байланыштуу кылмыш иши козголгон жок",- деди Р.Мамбеталиев.
Анын айтымында, азыркы тапта жарандар Сирияга Түркия аркылуу эмес, Москва аркылуу да кетишүүдө. Алардын баарын көзөмөлдөөгө жалгыз милиция алсыздык кылат.