Президент Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдарына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамга бүгүн, 18-февралда кол койду. 2015-жылдын 14-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдын максаты - жол коопсуздугун камсыз кылууга жана жол эрежесин бузгандардын жоопкерчилигин күчөтүү. Ал үчүн мыйзамга түзөтүүлөр Кылмыш-жаза, Жазык-процессуалдык жана Административдик жоопкерчилик кодекстерине киргизилди. Жол эрежесин бузууда кырсык болгон жерден күнөөлүү адам изин жашырып качып кетсе жана адам өлүмүнө алып келген учурда жоопкерчиликке тартылып, унаа айдоо укугунан ажыратылат. Андан сырткары административдик кодекске “автобейбаштык” деген түшүнүк киргизилип жатат.
Мыйзам расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.