Бүгүн, 26-июнда президент Садыр Жапаров Минск шаарына болгон иш сапарынын алкагында IV Евразия экономикалык форумунун «Евразиялык экономикалык интеграциянын стратегиясы: жыйынтыктар жана келечектери» деп аталган пленардык сессиясына катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчы форумдун модераторунун өнөр жайды өнүктүрүү жана биргелешкен билим берүү, илимий программалар боюнча суроолоруна жооп берип жатып, Кыргызстан акыркы жылдары Евразия экономикалык бирлигинин алкагында өнөр жай кооперациясын чыңдоого өзгөчө маани берип жатканын белгиледи. Ал Бирликтин алкагындагы кооперациялык долбоорлорду каржылык колдоо механизми бул багыттагы эң натыйжалуу чаралардын бири болуп калганын ырастады.
Ошол эле учурда, баштапкы этапта ишкерлер өтүнмөлөрдү толтурууда жана талаптарды аткарууда кыйынчылыктарга туш болууда. Буга байланыштуу президент тандоо шарттарын жана жабдуулар менен комплекттөөчүлөрдү жеткирүү критерийлерин, айрыкча экономикасы чакан өлкөлөр үчүн кайра карап чыгууну сунуштады.
Ошондой эле Садыр Жапаров экономиканы модернизациялоо боюнча тутумдуу кадамдарды жасоону сунуш кылды:
- санариптик трансформацияга жана автоматташтырууга өзгөчө көңүл буруу менен өндүрүштөрдү локализациялоону жогорулатуу жана чакан жана орто бизнес менен кластерлерди өнүктүрүү;
- маалымат алмашуу жана биргелешкен илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди кеңейтүү аркылуу өнөр жай жана айыл чарбасындагы илимий-изилдөө потенциалын күчтөндүрүү;
- биргелешкен изилдөөлөрдү колдоо механизмдерин түзүүнү жана компетенция борборлорунун тармагын негиздөөнү камтыган илимий жана инновациялык долбоорлорду туруктуу каржылоону камсыз кылуу.
Жапаров Кыргызстан өндүрүштүк өнүгүүнүн негизин түптөгөнүн белгиледи: индустриялаштыруу маселелери 2030-жылга чейинки өнүгүү боюнча Улуттук программага киргизилген. Негизги басым туруктуу өнөр жай базасын түзүүгө, кошумча наркы жогору продукциянын экспортун өнүктүрүүгө жана кластердик ыкманы колдонууга жасалган.
Өлкө башчы Кыргызстан үчүн текстиль, тамак-аш кайра иштетүү, курулуш материалдарын өндүрүү, фармацевтика жана машина куруу тармактары келечектүү болуп саналарын белгиледи. Алардын баары жумуш орундарын түзүү жана аймактарды өнүктүрүү үчүн жогорку потенциалга ээ.
Жапаров Кыргызстан Бирликтин ичинде да, тышкы өнөктөштөр менен да өнөр жай жаатында активдүү кызматташууну жактаарын жана бирдиктүү евразиялык өнөр жайын өнүктүрүү үчүн зарыл ресурстарга ээ экенин баса белгиледи.