
Эртең, 27-июнда өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаап, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Абанын температурасы Чүй аймагында +28...+33, Талас жергесинде +27...+32, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көл өрөөнүндө +20...+25, Нарында +23...+28 градуска жетет.
Ал эми Бишкекте абанын температурасы +30…+32 градуска жетсе, Ош шаарында +31...+33 градус болот.