Кыргызстанда 1 айда 13 109 ымыркай төрөлдү

Кыргызстанда 2014-жылдын январь айында 13 109 ымыркай төрөлдү. Мамлекеттик каттоо кызматы 18-февралда билдиргендей, ымыркайлардын төрөлүү көрсөткүчү боюнча Ош облусу алдыда. Аталган облуста бир айда 2908 наристе жарыкка келген. Чүй облусунда 1729, Бишкек шаарында 1873, Жалал-Абад облусунда 2672 ымыркай төрөлгөн. Төрөлүү көрсөткүчү Нарын (555 ымыркай) жана Талас (561 ымыркай) облустарында төмөн экени айтылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан