"Курманжан датка" тасмасын интернетке тараткан" деп шектелип 4 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда парламент жыйынында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлдөрү билдиришти.
Алардын айтымында, учурда өлкөнүн күч түзүмдөрү тергөө амалдарын жүргүзүп жатышат, бирок кылмыш иши козголо элек.
Айта кетсек, 23-январда
"Курманжан датка" тарыхый тасмасы интернеттеги социалдык тармактарга тарап кеткени айтылган. Мамлекеттик "Кыргызфильм" фондунун директору Урмат Айталиев "тасманы интернетке каракчылык жолу менен жайылткандарды жоопко тартыш керек" деп билдирүү жасаган.