Акыйкатчы балдарга карата зордук-зомбулуктар негизинен 2 жерде болуп жатканын айтты

Бүгүн, 18-февралда парламент жыйынында акыйкатчы Бактыбек Аманбаев балдарга жана өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулук маселесин иликтеп, алар негизинен 2 жерде болуп жаткандыгын айтты.

"Биринчи бөлүккө мектептер, жатаканалар, балдар колониялары жана башка ушул сыяктуу мекемелер кирет. Экинчи бөлүккө - үй-бүлө. Акыркы мезгилде үй-бүлөдөгү зомбулук коомчулуктун жана өкмөттүн тынчын алууда. Бул көйгөй өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалга байланыштуу. Мындан тышкары айылдарда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жетим калган же оор турмуштук абалга түшкөн балдарды каттоого албай жатышат",- деди акыйкатчы. 

Бул маселени чечүүдө кандай иштер жасалып жатканына токтолду. "Учурда Акыйкатчы институту 2 долбоорду ишке ашырууда. Алар зордук-зомбулуктун алдын алууга байланыштуу. Ошондой эле мугалимдердин жоопкерчилигин күчөтүү эске алынган. Мындан тышкары түз байланыш телефонун ишке ашырууга ниеттенип жатабыз",- деди Аманбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан