Ырчы Бегимай Карабаева экинчи наристесин күтүүдө

"Таң сыры", "Адашпайм", "Баёо сезим" ырлары менен элге таанылган өрүкзардан чыккан Бегимай Карабаева аттуу ырчы эсиңизде болсо керек. Ал 2 жыл мурда турмуш жолуна аттанып, шоу-бизнестен алыстай түшкөнү маалым. Учурда ал Кубаныч аттуу мырзанын жубайы жана Айдай аттуу кыздын апасы. Бизге ырчы айымдын экинчи наристесин күтүп жаткандыгы маалым болду. Бул тууралуу: "Жакында кызым үй-бүлөсү менен Ош шаарына көчүп кетти. Буюрса, декабрда көз жарат",- дейт Бегимай Карабаеванын апасы Чынара айым.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан