Дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүү маселеси Жогорку Кеңештин 19-февралдагы жыйынында көтөрүлдү.
Депутат Эсенгул Исаковдун айтымында, өкмөттүн жазгы айдап-себүү боюнча даярдыктары парламенттин тармактык комитетинде каралган. "Анда айтылган маалыматтар декларативдүү мүнөзгө ээ, мындан улам дыйкандарды жеңилдетилген насыя менен эртелеп камсыздап берүү зарыл",- деди депутат.
Депутат Абдимиталип Кочкорбаев насыя, үрөн боюнча өкмөттүн тиешелүү токтомдору кармалып жатканын, ветеринария тармагына суралган каражаттын 16 пайызы гана берилгенин айтты.