Алмазбек Атамбаев террордук кырсыкка байланыштуу Египеттин президентине көңүл айтты

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Ислам мамлекети" террористтик тобунун согушчандары тарабынан египеттик жарандардын өлтүрүлүшүнө байланыштуу Египеттин президенти Абдель Фаттах Ас-Сисиге көңүл айтты. 

“Кыргызстан терроризмдин бардык көрүнүштөрүн чечкиндүү түрдө айыптайт. Терроризмдин ар кандай актылары кылмыш болгондуктан, ал иштерди эч качан актоого болбойт”,- деп айтылат мамлекет башчынын көңүл айтуусунда. Алмазбек Атамбаев каза болгондордун туугандарына жана жакындарына, ошондой эле Египеттин жалпы элине оор жоготууга байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан