Саруулуктар “Караколдо баш аламандык уюштурушкан” деп айыпталып жаткандар боюнча мунапыс берүүнү сунуш кылышууда. Мындай демилгени саруулуктар бүгүн, 19-февралда Бишкекте өткөргөн жыйынында көтөрүп чыгышты.
Жыйынга “Кырк чоро”, “Асаба” коомдук бирикмелеринин мүчөлөрү да катышты. Чогулгандар “абакта кармалып жаткандар чыгарылышы керек, алар жөнөкөй жарандар, окуяга күнөөлүү эмес” деген пикирде. Сунушталган документте 2013-жылдын декабрь айында Каракол шаарындагы окуяга катышкандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу каралган.
Эске салсак, 2013-жылдын 7-октябрында Караколдо “Кумтөр” боюнча меморандумга каршы акция уюштурулган. Анда митингдин катышуучулары өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаевди бир нече саатка унаада барымтада кармап, андан соң облустук администрацияны курчоого аракеттенишкен. Бул окуяларга тийиштиги бар делинип Жети-Өгүз районунун бир канча тургуну кармалып, аларга карата кылмыш иши козголгон. Алардын 5и түрмөдө жатса, 12си тергөө иштеринин айланасында суракка алынууда.