Бүгүн, 19-февралда парламент жыйынында депутат
Турсунбай Бакир уулу жумушка орношууда адамдын дене-бой белгилери (жаш, бой, салмак, майыптык, чачтын түсү жана башкалар) боюнча чектөөлөрдү алып салууну демилгелөөдө.
Анын айтымында, мындай демилге менен чыгууга бир топ жарандардын жумушка орношо албай арызданышканы себеп болду. "Жеке ишканалар жумушчуларга сынак жарыялап, түрдүү чектөөлөрдү киргизишүүдө. Мисалы, 40-45 жаштагы тажрыйбалуу айымды жумушка алуунун ордуна 18 жаштагы келбети гана татыктуу, бирок тажрыйбасы жок кыздарды алып жатышат. Жумушка орношууда эч кандай дискриминация болбошу керек",- дейт Бакир уулу.
Бирок айрым депутаттар мындай демилгеге каршы чыгышты. Депутат Исмаил Исаковдун айтымында, эгер бул демилге ишке ашып калса, сотторго чоң маселелер жаралат. Депутат Бактыбек Калмаматов "Эгер аталган демилгени колдосок, жеке ишканалар жумушчуларды издөө боюнча маалыматты ачык жарыялоодон баш тартышат. Ал эми жарнамалар аркылуу миңдеген адам жумуш табууда" деген пикирин айтты.