Жогорку Кеңеш 19-февралдагы жыйынында энергетикалык кырдаалды иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүү сунушун четке какты. Сунушка добуш берүүдө 18 депутат макулдук берсе, 21 депутат каршылык билдирди.
Эскерте кетсек, фракциянын 13-февралдагы жыйынында өлкөдөгү акыркы 10 жылдагы энергетикалык кырдаалды иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүү сунушу айтылган. Демилгечилер энергетика системинде Ширшовдун схемасы дагы деле иштеп жатканын айтышып, тез арада бул системди токтотуу керектигин белгилешкен.