2015-жылдын январь айында КРнын Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 3 миллиард 573,9 миллион сом суммада салыктар жана төлөмдөр чогултулган.
Божомол план 104 пайызды түзүп, 136,5 миллион сомго ашыгы менен аткарылды. Өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 185,8 миллион сомго же 5,5 пайызга жогорулаган. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 19-февралда билдирди.