Кыргызстанда 2020-жылга чейин зер буюмдар өнөр жайын өнүктүрүү концепциясынын долбоору иштелип чыкты

Каржы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти 2020-жылга чейин Кыргызстандын зер буюмдар өнөр жайын өнүктүрүү концепциясынын долбоорун иштеп чыкты. Муну 19-февралда Каржы министрлигинен билдиришти. 

Концепциянын долбоорунда Кыргызстандын зер буюмдар өнөр жайын өнүктүрүү концепциясы ички рыноктун муктаждыктарын канааттандыруу, зер буюмдар продукциясынын экспортун көбөйтүү, иш орундарын түзүү жана бардык деңгээлде бюджетке тийиштүү салыктык түшүүлөрдү камсыздоо үчүн ушул тармакты өнүктүрүүнүн максаттары, милдеттери жана приоритеттери аныкталат.

"Концепция зер буюмдар тармагын өнүктүрүү жаатында активдүү мамлекеттик саясатты жүргүзгөн өлкөлөрдүн топтогон тажрыйбасын эске алат жана мамлекет, бизнес жана керектөөчүнүн ортосундагы кызыкчылыктардын оптималдуу балансын түзөт",- деп билдирет министрлик.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан