Бишкектеги Тынчтык проспектисин Чыңгыз Айтматов атындагы проспект деп өзгөртүү сунушталууда

Бишкек шаарындагы Тынчтык проспектисин жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы проспект деп өзгөртүү демилгеленүүдө. Мындай сунушу менен бүгүн, 20-февралда парламенттин КСДП фракциясынын жыйынында Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов тааныштырды.

“Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл жазуучусу Айтматов Чыңгыз Төрөкуловичтин ата мекендик жана дүйнөлүк адабиятка кошкон салымын эске алып, ушундай демилге менен чыгып жатабыз. Бирок 2013-жылы Бишкек шаардык кеңеши борбор калаадагы объектилердин аталыштарын 5 жыл ичинде өзгөртүүгө тыюу салган”,- деди мэр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан