Бүгүн, 20-февралда парламенттеги КСДП фракциясынын жыйынында
Кыргызстандын өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы токтому менен жактырылган “Бишкек шаарында 2014-жылдын 26-сентябрында кол коюлган Кыргызстан - Германия өкмөттөрүнүн ортосундагы 2013-2014-жылдарга каржылык кызматташтык жөнүндө” мыйзам долбоору жактырылды.
Аталган документке ылайык, Германия Кыргызстанга 38 миллион евро суммасында грант бөлүп бермекчи. Экономика министрлигинин өкүлү билдиргендей, бул акча медицина, айыл чарба, билим берүү тармактарына жумшалат.
Айта кетсек,
16-февралда парламенттин Бюджет жана финансы комитети аталган келишимди кароодон баш тарткан.