Кыргызстандын аймагында өз билемдик менен турак жай курулган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу демилгеси көтөрүлүүдө

Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын кезектеги жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору каралды. Бул тууралуу 20-февралда ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Депутаттар тобу тарабынан өлкө аймагында өзүм билемдик менен турак жай курулган жер тилкелеринин абалын жөнгө салуу максатында «Айыл чарба багытындагы айдоо жерлерин башка категорияга которууга мораторий киргизүү жөнүндө» мыйзамга, КР Кылмыш-жазык кодексине, КР Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске түзөтүүлөрдү киргизүү демилгеси көтөрүлүүдө. 

Депутат Эсенгул Исаковдун айтымында, 1983-2009-жылдар аралыгында Кыргызстандын 32 районундагы 217 айыл аймагында өзүм билемдик менен 13 478 гектар аянтка 38 194 үй курулган, азыр анда 47 739 үй-бүлө жашайт. "Бул жер тилкелери ар кандай себептерге байланыштуу калктуу конуштар категориясына которулбай келген. Ошондон улам бир катар мыйзамдарга тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү зарылдыгы келип чыкты. Ага ылайык, мораторийдин таасири 2009-жылдын 31-июлуна чейин айдоо жерлерине курулган турак жайларга жайылтылбайт",- дейт ал. 

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев өз билемдик менен курулган жеке турак жайлар менен кошо ушундай эле шартта жайгашып калган ишкердик объектилерин да мыйзамдаштыруу зарылдыгын билдирди. Анын пикиринде, ишкердик объектилердин ээлери жергиликтүү жана республикалык бюджеттерге жайгашкан жеринин рыноктук баасында ордун толтуруу төлөмдөрүн төлөп бериши керек, ошондо гана бардык тарап үчүн акыйкаттык болот. 

«Датка-Кемин» электр чордону, Түндүк-түштүк альтернативдүү автожолу сындуу стратегиялык ири курулуштардан улам үйлөрү бузулуп, жаңы жер тилкелерин алган жарандардын турак жайлары да мыйзамдаштырылууга тийиш. Анткени аларга берилген жер тилкелери мораторий жарыяланган жерлерге туш келип калган учурлар да жок эмес»,- деп кошумчалады Ө.Текебаев. 

Жыйынтыгында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна дароо эле үч окууда алып чыгуу чечими кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан