Депутат
Ахматбек Келдибековго байланышкан сот отуруму убактылуу токтотулду. Отурумда депутаттын жактоочусу
Татьяна Чильникина мамлекеттик айыптоочунун бири жок болгондуктан, соттук кароону 10 мүнөткө токтотуп турууну өтүндү. Сунушту судья колдоого алды. Учурда сот жыйынына Жогорку Кеңештин депутаттары
Курманбек Осмонов,
Мыктыбек Абдылдаев жана Келдибековдун жакындары катышып жатышат.
Эскерте кетсек, Келдибеков "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталып, 2013-жылдын күз мезгилинде камакка алынган эле. Былтыр август айында ден соолугуна байланыштуу чет өлкөгө дарыланууга кетип, 10-февралда Бишкекке кайтып келген.