Кыргызстанга тикелей инвестиция тартууну колдоого багытталган мыйзамга президент кол койду
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 31-декабрында кабыл алынган. Мыйзамдын максаты - салык жана салыктык эмес төлөмдөр маселелерин жөнгө салган мыйзамдар өзгөрүлгөн жагдайда турукташтыруу режиминин механизмин колдонууну укуктук жөнгө салуу аркылуу жана инвесторлор үчүн эң жакшы шарттарды тандоого кепилдик берүү аркылуу Кыргызстанга тикелей инвестицияларды тартууну колдоо. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.